Марал Радиосу

Бажычылар 3 млн сомдук товар аткезчилик менен ташылганын аныкташты

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 2 млн 900 миң сомдук товар аткезчилик менен алып келингенин аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери үчүнчү өлкөдөн келген автоунааны текшеришкен.

Анда декларацияланбаган, товар коштоп жүрүүчү документтери жок, 20 миң кг салмактагы 800 кап полимер гранулалар табылган. Товардын жалпы наркы 2 млн 900 миң сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча тийиштүү органга өткөрүлүп берилди.