Марал Радиосу

GEF: Чет жакта окуган студенттер колдоо көрсөтүүгө даяр

GEF долбоорунун негиздөөчүсү Хабиб Арзыкулов «Маралга» берген маегинде чет мамлекеттерде абитуриенттердин билим алуусуна салым кошууга дилгир студенттер бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Кореяда 4-курстун студенттери Кыргызстандан барган абитуриенттерге тамак-аш, жатакана маселесинде колдоо көрсөтүүгө даяр. Мындай көрүнүш башка мамлекетте иштеп жүргөн мекендештерде да кездешет.

Чет жакта билим алууну каалаган баланын чыгымдарын жабуу үчүн компаниялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Эгерде ишкананын мүмкүнчүлүгү жок болсо, чыгымды толугу менен каржылабайт, бөлүп-бөлүп төлөөгө да болот.

Болжолдуу түрдө, чет жакта окуган бир абитуриенттке 10-15 миң доллар каражат керектелет.