Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк бул жолу 16,1 млн доллар сатты

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 534 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 30-ноябрда кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 16,1 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтына жарыяланды.

Сомдун курсун туруктуу кармоо максатында, Улуттук банк ноябрь айында 11 ирет интервенция жасап, валюта рыногуна жалпы 84,7 млн доллар сатты.

1-декабрга карата доллардын расмий курсу 84 сом 79 тыйын болууда.

Copyright © 2017 Maral FM