Биз менен байланышыңыз

Новиков ШКУ жыйынында жүк ташууларды ишке ашыруу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 465 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 19-кеңешмесине катышты.

Ал анда сөз сүйлөп жатып, ШКУга мүчө-мамлекеттерге COVID-19га каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күн тартибиндеги маанилүү маселе катары коронавирус менен гана күрөшүү эсептелбестен, анын кесепеттерин жеңүү жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат», — деп белгиледи Артем Новиков.

Ал мындан тышкары, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштөө маселесин көтөрүп, үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү керектигин айтты.

«Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну ишке ашырууда «жашыл коридорлор» механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолун сунуштайт.  көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын кирүү жана чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайбыз», — деди Новиков.

Мындан тышкары, санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM