Марал Радиосу

Талант Мамытов Орусияга расмий сапары менен барары күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 7-декабрда Орусияга расмий сапары менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги Орусия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володинге таянып жазды.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн спикерлери 27-ноябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, 30-ноябрда өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин күн тартибин талкуулаган.

Жыйын бүгүн онлайн форматта өттү. Анда Володин: «Дүйшөмбү күнү Орусияга расмий иш сапары менен келгениңизде көптөгөн маселелерди кененирээк талкуулай алабыз», — деди Талант Мамытовго.