Марал Радиосу

WEF уюму карантинден кийинки алгачкы мелдешин өткөрөт

Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш уюму карантинден кийинки алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюм расмий баракчасына жарыялады.

Спорттук компаниянын бир жылдык тыныгуудан кийинки турнири «WEF ProfFight-40» деп аталып, 12-декабрда борбор калаадагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Иш-чаранын алгачкы беттешинде чемпиондук кур үчүн 70 килограмм салмакта Нургазы Балтабаев менен Чыңгыз Дүйшөбай уулу кармашат.