Марал Радиосу

УКМК Райымбек Матраимов боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата териштирүү иши уланып жатканын кабарлады.

Ошондой эле бажы кызматынын башка кызматкерлеринин да коррупциялык схемаларга катыштыгы аныкталды. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча да иш уланууда.

«Тергөө бажы кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин коррупциялык схемага тиешеси бар экендигин далилдей турган фактыларды алуу процессин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

УКМК тергөө ишинин соңунда коомчулукка сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилерин, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү жана аны толуктоого тиешеси бар кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар тууралуу маалымдаларын билдирет.

Райымбек Матраимов 20-октябрда УКМК тарабынан кармалган. Мекеме ал бажыда иштеп турганда, 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүлгөнүн аныктаган. 20-октябрь күнү кечинде Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Тергөө менен кызматташып, бюджетке 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.