Түркияда адамдын ички органдарын сатууга аралашкан деген шек менен 18 адам кармалды. Бул тууралуу «Анадолу» басылмасы жазды.
Чет өлкөлүк 18 жаран өзүн ички органын алмаштырууга муктаж болгон адамдардын жакыны катары тааныштырып, мамлекеттик мекемеге кайрылгандан кийин шек жаралган. Адам сатууга каршы күрөшүү башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзгөн.
Териштирүү иштеринин жыйынтыгында, алардын бейтаптарга тууганчылык байланышы жок экени жана ички органын сатууга аракет кылганы белгилүү болгон. Бөйрөгүн сатууга аракет кылгандардын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Орусия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар.
Маалыматка караганда, суракка алынгандан кийин 8 адам бошотулуп, 10 адамдын иши сотко өткөн. Алардын ичинен бешөө камакка алынып, бешөөнөн эч жакка чыкпоо боюнча тил кат алынып бошотулган.