Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Казакстанда сутка ичинде 800дөн ашык бейтап катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 427 | 0

Казакстанда бир суткада 826 кишиден COVID-19 аныкталып, дагы 164 адамга «коронавирустук пневмония» диагнозу коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Соңку сутка ичинде он бейтап каза болгон. Алардын үчөөнө «пневмония», калганына COVID-19 диагнозу коюлган.

Учурда Казакстанда коронавирус инфекциясына кабылган 12 651 киши дарыланып жатса, алардын 3 392си гана стационарларда.

Жекшемби күнү жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 130 865 кишиге жетти. Бул статистикага COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан адамдар кошулган жок. Аларга 1-августтан тартып «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп, өзүнчө эсептеле баштаган. Андан бери өлкөдө мындай 42 104 учур катталып, 443 киши көз жумду.

Ал эми дүйнө боюнча бүгүн, 30-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 62 миллион 670 миң 154 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 40 миллион 70 миң 534 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 458 миң 360 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM