Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин талапкерлигимди алууну чечтим (видео)

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 30 Ноя 2020 | 5445 | 1

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз талапкерлигин ала турганын айтты. Мындай чечимди ал өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин кабыл алган.

Садык Шер-Нияз фейсбуктагы түз эфир учурунда мындан ары саясаттан кетип, коомдук, маданий иштер менен алек болорун айтты.

«Менин максатым маданият тармагынын өкүлдөрүнүн үнү угулуусун, билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу жарышта жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, алдыда келе жаткан фаворит киши Садыр Жапаров менен сүйлөшүү туура болду деп эсептейм. Чынында азыр көпчүлүк эл Жапаровду колдоп жатканын, аны лидер катары таанышарын көрдүм. Мен саясатчыл эмесмин деп айтып жүргөм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин талапкерлигимди алып салууну чечтим. Маданият, билим берүү тармактарында Садыр Жапаров менен биргелешип иштешүүгө болоруна көзүм жетти. Парламентаризм боюнча позициямда турам», — деди Садык Шер-Нияз.

Буга чейин Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолугушканы белгилүү болгон.

Садык Шер-Нияз 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Быйыл 12-октябрда анын депутаттык мандаты «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Муса

    30.11.2020 13:34

    Мекен үчүн ойлонгон адам, анча мынча эле жүрөгүндө өз кызыкчылыгы эмес Кыргызстандын келечеги болсо Садыр Жапаровту колдойт. Шер Ниязов эсиңизге кеч боло электе туура чечим кылып С. Жапаровду эл менен бирге болгонубузга рахмат.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM