Марал Радиосу

Гвардиола Чемпиондор Лигасынын рекордун койду

«Манчестер Сити» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола Чемпиондор Лигасында уникалдуу рекорд койду.

Шаршемби күнү Гвардиоланын жетекчилиги астындагы «Манчестер Сити» Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын IV турунда «Олимпиакосту» жеңип (1: 0), турнирдин плей-офф баскычына жолдомо алды. Бул испаниялык машыктыруучу 12-жолу командасын плей-офф баскычына 12 аракет менен алып келген, бардык машыктыруучулардын ичинен эң жакшы жыйынтык экенин билдирет.

Буга чейин Гвардиоланын жетекчилиги астында «Бавария» менен «Барселона» футболдук клубдары Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына чыгышкан.