Биз менен байланышыңыз

Беларусь: Жекшембидеги маршта 300дөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 427 | 0
29-ноябрь, жекшемби күнү Беларусияда көнүмүш адатка айланып бараткан нааразычылык акциясы өттү. Алардын эң масштабдуусу Минск калаасында орун алды.

«Tut.by» маалымат булагы жазгандай, бул ирет акция жаңы форматта өттү. Буга чейинки нааразычылык учурунда демонстранттар катуу соккуга кабылып, аларды массалык түрдө кармап кетүү орун алгандыктан, каршылыкка чыккандар бул ирет Минскининин борборунан эмес, ага жакыныраак болгон башка жайдан чогулушту.

«Весна» укуктук борбору билдиргендей, жүрүшкө чыккандардын 300дөн ашыгы кармалды.

Ар жуманын демалыш күндөрү беларус жарандары 26 жылдан бери өлкө башында турган Александр Лукашенконун отставкага кетүүсүн жана августтагы өткөн шайлоонун жыйынтыгын  жокко чыгарып, өлкөдө кайрадан шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM