Марал Радиосу

Жо Байден бутун кокустатып алды

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден жыгылып, бутун кокустатып алды. Бул тууралуу CentralAsia (CA) порталы жазды.

28-ноябрда Байден өзүнүн ити Майджер менен ойноп жатканда буту кайрылып, кулап кеткен. Алгач дарыгер сөөктөрү жабыркабаганын, жөн гана булчуңдар катуу запкы жегенин айтып, кошумча текшерүүгө жиберген.

Томографияга түшкөн соң Байдендин буту сынганы аныкталган.

Ал эми бир-эки жума «атайын» бут кийим менен жүрөрү айтылган.

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Байдендин эртерээк сакаюусун каалап, билдирүү жөнөттү.