Кыргызстанга Орусиядан 2 автопоезд алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал да мобилдик клиника катары калкты тейлейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркияда дагы 3 комплекс даяр турат. Жакын арада Кыргызстанга келери күтүлүүдө.
Мындан сырткары Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусуна 200 орундук мобилдик оорукана курулат.
Үсөнбаев: Коронавирус курч мүнөздө өтүп жатат