Марал Радиосу

Алайдагы мектеп ооруканага айланды

Алай районунун Курманжан Датка айылындагы мектептин имараты жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукана катары иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты билдирди.

Курулушу 1997-жылы бүткөн имарат алгач оорукана катары ачылып, 1999-жылы мектепке айландырылган.

Райондук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө орун тартыш болгондугуна байланыштуу айылдык кеңеш имаратты баштапкы оорукана абалына кайтаруу чечимин кабыл алган.

60 адамга ылайыкташкан оорукананы оңдоп-түзөөгө 13 млн 120 миң сом жумшалган.