Марал Радиосу

30-ноябрда ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кеңеши өтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуу алкагында Вячеслав Володин Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар 30-ноябрда өтүүчү Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин күн тартиби талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.