Марал Радиосу

Артем Новиков Беловодск балдар стационардык мекемесине барды

Бүгүн 28-ноябрьда Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды. Эске салсак балдар мекемесинде 40 орундуу тийиштүү эмерек жана заманбап жабдылган жаңы корпус ачылган.

Артем Новиков имарат менен таанышкан соң,  тийиштүү мамлекеттик органдарга суу түтүгүн өткөрүү үчүн финансы каражатын бөлүү жана электр энергиясын пайдалануу лимитин жогорулатуу менен балдар мекемесинин аймагын көрктөндүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.