Марал Радиосу

COVID-19: Инфекциядан арылууга йога менен дем алуу көнүгүүлөрү жардам берет

Орусиянын Медицина илимдеринин доктору, иммунолог, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча адис Владислав Жемчугов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде коронавируска чалдыккандарга инфекциянын кесепеттеринен арылуу үчүн йога менен дем алуу көнүгүүлөрүн жасоону сунуштады.

Дарыгер коронавирус менен ооруган ар бир адамга атайын реабилитациялоо программасы  иштелип чыгышы керек экенин белгилейт.

“Анткени  көпчүлүк адамдарда коронавирустан кийин борбордук нерв системасынын жабыркаганы, кан басымдын туруксуздашы, температуранын, пульстун көтөрүлүшү, гормоналдык статустун бузулушу байкалган, андыктан бул өзүнчө дарылоону талап кылат», — дейт иммунолог.