Биз менен байланышыңыз

Германияда коронавирус жуктуруп алгандар 1 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 520 | 0

Германияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын жалпы саны 1 миллиондон ашты.

Жонс Хопкинс университетинин берген маалыматына ылайык, 27-ноябрга чейин Германияда 1 005 544 адамдан коронавирус аныкталып, 15 640 адам каза болгон.

Акыркы бир суткада Германияда 22 806 адамдан вирус аныкталса, 670 миң адам ооруканадан чыгарылды. Оорунун кесепетинен 426 бейтап көз жумду.

Германияда коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында киргизилген катаал карантин жыл соңуна чейин узартылган. Катаал карантин кайрадан киргизилгенден тарта Германияда маданий жана оюн-зоок жайлар, ресторандар жабылып, дүкөндөрдүн да иши чектелген. Өлкө тургундарына коомдук жайларда 10 адамдан ашык топтолууга тыюу салынган.

Дүйнө жүзү боюнча 60,8 миллион адамдан коронавирус аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM