Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Венеция комиссиясына кайрылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 825 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Конституциянын жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен Венеция комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Акыйкатчы Европа кеңешинин Демократиялык укук комиссиясынын төрагасы Жанни Букикиого жолдогон кайрылуусунда «Өлкөдө конституциялык реформа канчалык зарыл?» деген маселе талкууланып жатканын айтты.

«2020-жылдын 20-ноябрында Конституциялык кеңешме түзүлүп, долбоорду талкуулап жатат. Жарандардан да сунуштар алынууда. Сизден да Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга канчалык шайкеш келерине эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүңүздү өтүнөм», — деп айтылат кайрылууда.

Венеция комиссиясы буга чейин да Кыргызстандын Жогорку Кеңеши конституциялык реформа жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок деп билдирген.

Кыргызстанда 80 депутаттын демилгеси менен Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Анда президенттин укуктары кеңейип, аткаруу бийлигин көзөмөлгө алуу, Элдик курултай институтун киргизүү сыяктуу сунуштар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM