Биз менен байланышыңыз

Орусия парламенти Кыргызстандагы орус тилинин макамы боюнча билдирүү жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 5288 | 0

Орусия Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Игорь Лебедев «НСН» радиосуна берген маегинде Кыргызстандагы Конституциялык кеңешменин жыйынында сунушталган орус тилин расмий макамынан ажыратуу боюнча маселеге пикирин билдирди.

Лебедев Кыргызстандын мындай аракетине таң калбайт. Мунун себебин ал: «Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин көпчүлүгү бул кадамдан өттү. Алардын Орусиядан алыстоосу жыл сайын көбөйүп келет», — деп түшүндүрдү.

Лебедевдин айтымында, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү Европа Биримдигине кире элек болсо да, ошол тарапка ыктоо аракетин көрүп келет. Маселен, калктын басымдуу бөлүгү Молдовадагыдай европачыл көз караштагы талапкерлерге добуш беришүүдө. Мындай көрүнүштөр Борбордук Азияда да орун алып жатканы анчейин деле таң калууну жаратпасын белгиледи вице-спикер.

Эгер Кыргызстанда орус тили расмий макамынан ажыратылса, Москванын кыла турган жалгыз реакциясы жергиликтүү орустарга колдоо көрсөтүү, аларды көчүрүп кетүүгө аракет жасоо болушу мүмкүн. «Аларга келип кетүүнү же толугу менен Орусияга көчүп келүүнү сунуштайбыз. Жарандык алууну каалоочулар болсо, тескери бурулбайбыз. Жардам берүүгө даярбыз», — деген Лебедев Кыргызстан орус тили расмий тил катары катталган акыркы мамлекеттердин бири экенин кошумчалады.

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратып, атайын макам кыргыз тилине гана берилиши керектигин сунуштап, мунун себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүргөн. Бул сунуш дароо кызуу талкуу жараткан.

Бүгүн, 27-ноябрда орус тили Кыргызстандын расмий тили бойдон каларын Конституциялык кеңешмеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кандай сунуштардан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кыргыз тилин мамлекеттик, орус тилин өлкөнүн расмий тили бойдон калтыруу чечимин кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM