Биз менен байланышыңыз

Казакстанда соңку суткада 800дөн ашык адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 527 | 0

Акыркы бир суткада Казакстанда 813 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чыгыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустарынын ар биринде 100дөн ашык учур катталган.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 124 миң 710 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM