Марал Радиосу

Владимир Зеленский экинчи мөөнөткө барышы мүмкүн

October 10, 2019, Kiev, Ukraine: President of Ukraine Volodymyr Zelensky speaks to journalists during a press-marathon at a food market in Kiev. The Head of State answer questions from journalists throughout the day at a press-marathon. (Credit Image: Global Look Press via ZUMA Press)

Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи мөөнөт үчүн да талапкер катары катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко «Корреспондент» гезитине берген маегинде билдирди.

Тимошенко өлкөдөгү кырдаалды толук чечүү үчүн бир мөөнөт жетишсиз болуп каларын белгилеп, учурдагы президент өз чечимин жаңы шайлоонун алдында жарыялай турганына ишенимин жашырбады.

«Себеби Владимир Зеленский өлкөнү өзгөртүүнү, заманбап агымдын шарттарына ылайык өнүктүрүүнү каалайт. Андыктан, кийинки мөөнөткө барар-барбасын өзү чечет. Бул маселе азырынча күн тартибине коюла элек», — деди Тимошенко.

Белгилей кетсек, Зеленский үстүбүздөгү жылдын май айында өткөн маалымат жыйында экинчи мөөнөткө баруу ниети боюнча берилген суроого кыска гана «Ойлонуп көрөм» деген жообун узаткан.