Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болуп, 400дөн ашык адам айыкты

27-ноябрга карата COVID-19 илдетинен дагы беш бейтап каза болду. Анын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда катталды. Ушуну менен вирус жалпы 1256 адамдын өмүрүн алды.

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 377 жаңы учуру катталды. Пандемия башталгандан бери катталган жалпы учурлар 71 миң 548ди түзүүдө.

27-ноябрга карата оорудан 402 адам айыкты. Коронавирустан сакайгандардын саны 62 миң 946га жетти.

Ооруканаларда 2875 бейтап дарыланып жатат, анын 115нин абалы өтө оор. Үй шартындагы дарыланууда 3698 бейтап бар.

Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын жетөө — медициналык кызматкер. Ошол эле күнү 8 кызматкер айыкты. COVID-19 вирусун 3865 медик жуктуруп алган, анын 3576сы сакайды.