Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев чечилүүнү талап кылган 3 приоритетүү маселени атады

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2020 | 2617 | 2

Билим берүү — жаңыланууга көп деле багыт ала бербеген тармак. Дүйнөдөгү тенденцияларды эске алып, мазмуну жаңыланбаса, бүтүрүүчүлөр дүйнө рыногуна атаандаштыкка чыга албай, жараксыз болуп калуу коркунучу бар. Андыктан билим берүүнүн мазмунун жаңылоо милдети турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бала бакча жетишпеген аймактарда кыска мөөнөттүк (3 сааттык) окутууну жайылтуу — учурдун талабы. Кийинки жылы ЮНИСЕФ менен кыска мөөнөттөгү 500дөй бала бакча ачуу долбоору ишке ашырылат.

Мындан сырткары ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн сапаты рынок шартына жооп бербейт. Теория менен практиканын айкалышпаганы боюнча көйгөй бар.

«Андыктан адамдык баалуулуктарга багытталган критикалык ойлонуу, көйгөйдү чечүү, аналитикалык ой жүгүртүү, коммуникациялык көндүмдөр сыяктуу негиздерге басым жасашыбыз керек. Болбосо, бүтүрүүчүлөр эмгек рыногуна жооп бербей жатканы ушунда», — дейт министр.

Бейшеналиев жогоруда аталган 3 маселе приоритеттүү багыттардын негизгилери экенин белгилеп, чечүү пландарын кошумчалады.

2 пикир

2 пикир

  1. Сагын

    27.11.2020 20:08

    Ушундай реформаны канча жылдан бери кутконбуз ишинизге ийгилик жаш келсе ишке деген ушуда

  2. Элмира

    27.11.2020 22:12

    Эн туура айтып жатат Бейшеналиев 40% эмес 70% мектеп жетекчилер алмашып керек негизи Билим беруу ройондо 30 жылдан бери инспектор,профсоюздар оздорунун коррупцяга малынып камандалары менен тамырлап кетишкен мис Сузак ройонунун Сузак айыл окмотундогу мектеп бала бакчалар,

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM