Биз менен байланышыңыз

Быйыл жүргүнчүлөрдүн агымы 60 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 506 | 0

2020-жылдын 9 айында аба каттамдары аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн агымы пандемияга байланыштуу 61,3 %га төмөндөдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Аба майданы ишмердүүлүгүнүн тогуз айлык жыйынтыгын чыгарып, пандемия компаниянын ишин үзгүлтүккө учуратканын маалымдады.

Быйыл март айынан тарта бардык ички жана эл аралык багыттагы туруктуу каттамдар токтотулган. Гуманитардык жүктөрдү жеткирүү жана жарандарды эвакуациялоо үчүн гана каттамдар аткарылып турган.

«Манас» ААКнын аэропортторунда 9 ай ичинде 1 млн 49 миң 667 жүргүнчү тейленди, былтыр 2019-жылкы көрсөткүч 2 млн 714 миң 706 жүргүнчүнү түзгөн.

9 айдын жыйынтыгы менен эл аралык жүргүнчүлөрдүн саны 67,1%га, тактап айтканда 608 миң 380 жүргүнчүгө төмөндөдү. Былтыр 1 млн 846 миң 840 жүргүнчү тейленген.

Ички каттамдар аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн агымы 49,2%га — 441 миң 287 жүргүнчүгө азайган, былтыр 867 миң 866 жүргүнчү тейленген.

Учуулар жай мезгилинен тарта калыбына келтириле баштаган. Июнь айында Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча ички каттамдар жандандырылган.

Август айынан тарта, Бишкектен Түркияга жана БАЭге каттамдар ачылып, күздөн бери Бишкектен Орусия, Казакстан, Өзбекстанга айрым чектөөлөр менен каттамдар ачыла баштаган.

Бүгүнкү күндө, «Манас» эл аралык аэропортунда Москва, Дубай, Стамбул, Алматы жана Ташкент сыяктуу эл аралык багыттагы, ошондой эле ички багытта Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып жатат.

Эң көп талап кылынуучу учуулар жакынкы Орусияга болгон каттамдар.

Copyright © 2017 Maral FM