Марал Радиосу

Аргентинада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Аргентина бийлиги дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадонанын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, ардагер футболчу менен коштошуу зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өтөт. Маркумду акыркы сапарга узатууга 1 миллиондой күйөрманы келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-ноябрда Италиянын «Наполи» командасынын жана Аргентина курамасынын мурунку оюнчусу Марадонанын жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калып, каза болгон.

Ал буга чейин 31-октябрда ооруканага жатып, 4-ноябрда баш мээсине операция жасалганы айтылган. 12-ноябрда үйүнө чыгарылган болчу. Учурда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте жашап жаткан.

Диего Армандо Марадона — 60 жашта болчу. Ал футбол боюнча дүйнө чемпиону (1986). Дүйнөлүк чемпионаттын төрт жолку катышуучусу, «Наполи» клубунун курамасында Италиянын эки жолку чемпиону. ФИФАнын сурамжылоосу боюнча «ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу» деп табылган.