Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядан вакцина сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 678 | 0

Кыргызстан коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева кабарлады.

Август айында Орусияда өндүрүлгөн вакцина сыноодон өтүп, дарылоого уруксат берилген күндөн тарта аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кат жөнөтүлгөн.

Сурабалдиеванын айтымында, келе турган вакцинанын көлөмү, алып келүү убактысы, Кыргызстанда каттоо процедуралары иштелип чыккан. Адистер Орусияга барып, «Спутник-5» вакцинасынын клиникалык сыноолору кандай өтүп жатканын көрүп келген.

Кыргыз өкмөтү башка өлкөлөрдө өндүрүлүп жаткан вакциналардын сыноолоруна да байкоо салып жатат.

Кыргызстанда 26-ноябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 1251ге жетти. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 71 миң 171ди түзүүдө. Оору башталгандан бери 57 миң 760 бейтап сакайган.

Copyright © 2017 Maral FM