Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул өнөктүк мурдагы шайлоолордон эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Шайлоо процесстери кандай негизде жүрөт жана жарандар андан кабары барбы? Бул тууралуу алдыда айтып беребиз.
Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, өлкө президенти отставкага кеткенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүү, өлкө президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо чечимин жарыялаган. Бирок 21-декабрга белгиленген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» БШКнын токтомун токтото туруу боюнча Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып, ал эми 10-январга белгиленген «Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө» токтом өз күчүндө калган.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо алгачкы жолу өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бул шайлоодо бир катар өзгөртүүлөр киргенин айтып берди.
Маалым болгондой, өткөн шайлоолордо мыйзам бузууларга өбөлгө болуп, элдин нааразычылыгын жараткан «Форма-2» ыкмасы жокко чыгарылган. А бирок тышкы миграцияда жүргөн жарандар үчүн шайлоо участогун өзгөртүү беренеси күчүндө калган. Кол тамга топтоого мурда 50 күн убакыт берилсе, учурда 37 күн убакыт берилди.
Ички миграцияда жүргөн жарандар расмий катталган жеринен гана добуш бере алат. Жашаган жерин алмаштырган адамдар 29-декабрга чейин өзүн тизмеден такташы керек.
— Азыр бир жарым айдан ашыгыраак убакыт бар. Шайлоочулар өзү реалдуу жашап жаткан жерине расмий каттоого турушу керек. Эгер 10-январда кайсыл жерде болсо, ошол жерге алдын ала каттоого турушу керек. Биз шайлоочуларга батыраак жашаган жерин тактоону сунуш кылабыз, антпесе, шайлоо укугунан ажырап калышы ыктымал, — дейт Бекматов.
Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүү күнүнө 7 күн калганда түзүлөт. Бирок мөөнөтүнөн мурда шайлоонун айырмасы, президентти шайлоону дайындоо тууралуу мыйзамдын 48-беренесинде көрсөтүлгөндөй, бардык процесстердеги белгиленген мөөнөттөр төрттөн бирге кыскарат. 10-январда өтө турган шайлоодо акыркы тизме 5-январда чыгып, бюллетендер шайлоо тилкелерине жөнөтүлөт.
Ал эми добуш берүүдө процедуралар мурдагыдай эле сакталат. Айталы, жаран ден соолугуна, карылыгына, иш шартына байланыштуу добушканага келе албай турган болсо, шайлоо күнүнө 3 күн калганга чейин, тагыраагы, 7-январга чейин жергиликтүү шайлоо тилкесине арыз менен кайрылуусу керек.
Бекматов участкалык шайлоо тилкесинин кызматкерлери шайлоого бир күн калганда ооруканадан же үйлөрүнөн байкоочулардын коштоосунда добуш берүү укугун ишке ашырарын айтууда:
— Бул категориядагы жарандар үчүн: карылыгына, ден соолугуна жана жумушунун өзгөчөлүгүнө байланыштуу тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына шайлоого үч күн калгандан кеч эмес өздөрүнүн арызын бериши керек. Добуш берүүгө эки күн калганда жогоруда аталган категорияга кирген шайлоочулардын тизмеси добуш берүү бөлмөсүнөн тышкары жерде илинет. Андан соң, 10-январдагы шайлоону эске алганда, 9-январда алардын добуш берүү укуктарын жергиликтүү шайлоо комиссиясы байкоочулар жана ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашырат.
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу эксперттер чөйрөсү түрдүү пикирде. Саясатчы Ишенбай Кадырбеков шайлоо таза өтөрүнө ишенбейт. Ал өнөктүк башталбай жатып мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, буга азыркы бийликтин аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуу уюштурганын мисал келтирди.
— Административдик ресурсту пайдаланып жатат да. Садыр Жапаровдун ар бир жолугушуусунда мугалимдерди, мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлерди жумушунан бошотуп, стадиондорго жолугушууга алып келип жатышты. Кол топтоо үчүн мектептерге баргандарга, «Биз Садыр Жапаров үчүн гана кол коебуз» деген жооптор берилип жатканын айтышууда, бул да административдик ресурс. Көптөгөн мисалдар бар, аны айтып олтурсам түгөнбөйт, шайлоо баштала электе, «чү» дегенде эле ушундай мыйзам бузуулар болуп жатат, демек, үгүт иштери башталгандан кийин мындан да көбүрөөк мыйзам бузуу болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда шайлоо акыйкат өтөрүн айткандар да жок эмес. Саясат талдоочу Марс Сариев калктын басымдуу бөлүгү милдеттерин убактылуу токтоткон өкмөт башчы Садыр Жапаровду колдоп жаткандыгын айтып, добуш сатып алуулар болбойт деп ишендирди.
— Мен ойлойм, административдик ресурстарды пайдаланбайт. Себеби, азыр Садыр Жапаров эң реалдуу талапкер болуп жатат, айылдарда көпчүлүгү Жапаров үчүн добуш беришет. Эмне болорун мен айтып берейин, 10-январдагы шайлоодон кийин 11-январда «Административдик ресурстар пайдаланылды, тигиндей, мындай», — деп эл митингге чыгат, бул — кечээги парламенттик шайлоодон кийинкинин уландысы.
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 65 талапкер арыз жазган. Бирок ар кандай себептерден улам тизмеде 45 талапкер калды. Алар бүгүн, 3-декабрь саат 23:59га чейин талапкерлигин колдогон 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтоп, шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.