Биз менен байланышыңыз

Мээрим Карыпова: Аял кишиге сахнада жүрүү оор маселе

Көңүл ачуу , Марал шоу | 26 Ноя 2020 | 2453 | 1

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунун солисти, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Мээрим Карыпова «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, кызыктуу маек куруп берип кетти.

Чоң энелер биздин үйгө жүгүнүп өтүшчү

Чоң энелер биздин үйдүн жанынан өтүп баратып, жүгүнүп өтүшчү. «Эмнеге мындай кылышат?» — деп таң калып, сыртка чыгып калсам, «Аккан арыктан суу агат», — деп коюшар эле. Көрсө, чоң атабыз таланттуу, жамактап ырдаган, ыр жазган киши болгон экен. Тилекке каршы, согуштан келбей калыптыр.

Ошол кезде Алла Пугачева белгилүү болуп турган учуру. Менден: «Чоңойгондо ким болосуң?» — деп сураса, «Алла Пугачева болом», — деп жооп берчү экем. Бирок ырчылык кесипти алып кетем деген деле ой болгон эмес. Башкалар да антип ойлобосо керек. Мектепте окуп жүргөндө өтө жоош, өзү менен өзү жүрө берген кыз болчумун. Көп нерсе мугалимден да көз каранды болот экен. Себеби баланын кайсы кесипке шыгы бар экенин билип, ошого түрткү болот. Бүгүнкү күнгө чейин эжекеме: «Сиз болбосоңуз, мен мындай ырчы болмок эмесмин», — деп ыраазычылыгымды айтып келем.

Окуп жүргөндө мектептин атынан конкуруска катышуу керек болуп, бир жуманын ичинде комуз үйрөндүм. Толкунданып комузумду деле унутуп калыпмын (күлүп). Билгизбей актердук чеберчилигимди колдонуп, биринчи орунду алгам. Азыр таң калам, анткени өзүмдүн шакирттериме комузду бир жылдап үйрөткөн учурлар болот. Көрсө, менде кызыгуу абдан жогору болгон экен. Ошентип, чоң сахнага кадамдар Кара-Балта шаарынын маданият үйүнөн башталган.

Жашоо ак-карасы менен кызык

Жумушта бут тосуу, көралбастык, ыза болгон күндөр, ыйлаган учурлар болот. Айымдар үчүн өтө оор, чоң маселе. Анткени «же үй-бүлө, же чыгармачылык» деген эки тандоо турат алдында. Окуучуларыма: «Ошону бирдей алып кеткенге акылың, күчүң жетсе улант. Болбосо, беш жыл убактыңды коротпой, ашпозчунун же дарыгердин окуусун оку», — деп калам. Өзүм ырдамайынча тура албайм. Бир нерсем кем болгондой боло берет. Кесипти чындап сүйсөң, баарын жеңип чыгат экенсиң.

Жолдошум өнөрүмдү баалап турат

Жолдошум чыгармачылыгымды ар дайым колдоп турат. Негизи, «Ырдабайсың, үйдө отурасың», — десе деле унчукпай отуруп калмакпыз да. Жолдошума жанымда жүргөн досторум, тааныштарым, улуу эжелер, агалар көрүшкөн жерден эле жакшы сөздөрдү айтышып: «Келинчегиң жакшы ырдайт, ошол талантты бекитип койбо. Эл үчүн кызмат кылышы керек», — деген сөздөрдү айтып калышчу. Аларды угуп, «Демек, сенин да ордуң бар турбайбы, сен ырдашың керек», — деп түшүнүү менен кабыл алат жана колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM