Марал Радиосу

Легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду

MEXICO CITY, MEXICO - JUNE 29: Diego Maradona of Argentina holds the World Cup trophy after defeating West Germany 3-2 during the 1986 FIFA World Cup Final match at the Azteca Stadium on June 29, 1986 in Mexico City, Mexico. (Photo by Archivo El Grafico/Getty Images)

Аргетиналык белгилүү футболчу Диего Марадона каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда легендарлуу футболчунун жүрөгү токтоп калган. Ал буга чейин 31-октябрда ооруканага жатып, 4-ноябрда баш мээсине операция жасалганы айтылган. 12-ноябрда үйүнө чыгарылган болчу. Учурда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте жашап жаткан.

Диего Армандо Марадона — 60 жашта болчу. Ал футбол боюнча дүйнө чемпиону (1986). Дүйнөлүк чемпионаттын төрт жолку катышуучусу, «Наполи» клубунун курамасында Италиянын эки жолку чемпиону. ФИФАнын сурамжылоосу боюнча ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу деп табылган.