Марал Радиосу

«Абанын булганышына чара көрүүгө узак мөөнөттүү чечимдер зарыл»

«Olive Hotel» компаниясынын жетекчиси Азамат Акелеев «Маралга» берген маегинде абанын булгануусун азайтуу үчүн жылуулук булактарына көңүл буруу керектигин билдирди.

Анын айтымында, абанын булганышына чара көрүүгө узак мөөнөттүү чечимдер зарыл. Ал үчүн саясий эрк керек. Тилекке каршы, учурда өкмөт кыска мөөнөттүү чечимдерге көп көңүл бурууда.

«Өкмөт бул маселеге көнүл бурса, шайлоочуларды өзүнө тартмак. Биз сунуштаган технологиялар көмүр жагууну азайтып, Күн жана абанын энергиясын колдонуу аркылуу жылуулукту үнөмдөөгө багытталган. Өзүбүздүн имараттарыбызды ошондой система менен камсыздап жатабыз», — дейт Акелеев.

Ал абанын булганышынын негизги себептери көмүр, унаалардан чыккан газ жана ЖЭБ экенин белгиледи.