Биз менен байланышыңыз

Жапаров кайсы президент канча карыз алганын айтты

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 6236 | 0

Депутат Акылбек Жапаров парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенттери чет өлкөлөрдөн канча акча карыз алышканын айтты.

Анын маалыматы боюнча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 3 млрд 740 млн доллар карыз алган. Өлкөнү 3 жыл башкарган Сооронбай Жээнбеков 1 млрд 339 млн доллар алган.

«Тилекке каршы, биздин болгон президенттерибиздин баары элди тышкы карыздын эсебинен багып келди. Экономикага көңүл бурбай, контрабандага жол ачышкан. Айрым укук коргоо органдары салык чогулткандын ордуна контрабандага жол беришкен. Мисалы, Алмаз Шаршенович 3 млрд 740 млн доллар карыз алган. Жакында эле кеткен Сооронбай Шарипович 1 млрд 339 млн доллар алган. 2025-жылы акыркы жолу алынган 1 млрд долларды эске албаганда, 405 млн долларга чыгат, ички карызды айтсак, 420-450 млн доллар төлөп баштайбыз. Биздин артка чегинүүгө убактыбыз жок. Ошондуктан жакынкы 3 жылдын бюджетинин концепциясын бекитип берип жатабыз, биринчи кезекте карызды төлөө керек», — деди Жапаров.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште «Республикалык бюджеттин 2021-жылга жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM