Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бишкек ЖЭБине барды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 329 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев 25-ноябрда Бишкек жылуулук электр борборунун 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Рыскелди Мусаев шаар тургундарынын батирлерине жылуулук берген отказандар менен бууказандардын иштөө процессин көрүп чыкты.

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаевдин маалыматына ылайык, көмүрдүн суткалык керектөөсү орто эсеп менен 6-7,5 миң тоннаны түзөт. Ал эми жылдык керектөөсү 1 млн 110 миң тонна көмүр. Анын 800-850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинин муктаждыгына кетет.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен берилип жатат.

Бишкек жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилинде борборду жылуулук жана ысык суу менен толук камсыз кылууга даяр экени, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы айтылды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы борбордун кышка даярдыгын текшерип чыккандан кийин өлкө жетекчилигине тийиштүү сунуштарды даярдап берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM