Марал Радиосу

Новиков: Шайлоолорго болжол менен 853 млн сом жумшалат

2021-жылы президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болжол менен 853 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын бюджетинин долбоорунда бул каражат каралган эмес. Себеби президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болсо, парламенттик шайлоо 2020-жылы өтүшү керек болчу.

Новиков бюджеттин долбоорун экинчи окууга киргизүүдө бул жагдайларды эске алып, чогуу талкуулоону сунуштады. Ошондой эле кийинки талкууда шайлоого коротула турган каражаттын булактары аныкталарын айтты.