Биз менен байланышыңыз

«Тилим менен улутмун» радиотаймашынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 594 | 0

Cтуденттер араcында өткөн «Тилим менен улутмун» аттуу республикалык радиотаймаш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты.

2019-жылы башталган бул таймашка 7 дубандан жана Бишкек шаарынан жалпы 18 жогорку окуу жайдын филологиялык эмес факультеттеринин студенттери катышты.

Командалар түз эфирде бир нече тапшырмаларды аткаруу менен 3 айлампада таймашты. Ар бир оюнга экиден калыс сереп салды.

Соңунда мыкты 5 жогорку окуу жай финалга чыгып, орундар жана байгелер төмөндөгүдөй аныкталды:

Баш байгени Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети алып, 30 миң сом ыйгарылды.

1-орунду Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети алып,  20 миң сом утту;

2-орун Кыргыз-Түрк Манас университетине берилип, 10 000 сом тапшырылды;

3-орунду И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (5 000 сом);

4-орунду М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети алып, 3 миң сом утту.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор, ал эми даярдаган мугалимдерине, калыстар тобуна, демөөрчүгө Ыраазычылык барактары тапшырылды.

“Тилим менен улутмун” аталышындагы республикалык радиотаймашка Аскар Салымбеков фонду демөөрчүлүк колдоо көрсөттү.

Сынак “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM