Биз менен байланышыңыз

Кытай карызды төлөө убактысын узартып берди

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 811 | 0

Кыргызстан алты өлкө менен карызды төлөө убактысын узартуу тууралуу макулдашты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков айтты.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан Кытайга карыз төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.

Маалым болгондой, Кыргызстан жыл башынан бери чет элдик донорлордон 343 миллион доллар (25 млрд сом) каражат алган. Анын 8 миллиард сому айлык акыга, 4,5 миллиард сому пенсияга, 2 миллиард сому жөлөк пулга, 3,9 миллиард сому жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, 2,6 миллиард сому экономиканы колдоого, 3,1 миллиард сом коронавирус менен күрөшүүгө бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM