Биз менен байланышыңыз

26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 351 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 … -8, күндуз 1 … 6;

Талас облусунда түнкүсүн -7 … -12, күндүз 1 … 6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3 … -8, күндүз 3 … 8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … 5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз -2 … +3;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз 3 … 5 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM