Марал Радиосу

Аялдардын гигиенасына кам көрүү — мамлекеттин да милдети

Шотландияда аялдардын ден соолугун жакшыртуу максатында жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул өлкөдөгү аялдар эми гигиеналык каражаттар менен акысыз камсыз болушат. Эксперттердин айтымында, аялдардын жеке гигиенаны таза кармоосу бир катар олуттуу оорулардын алдын алат. 

Шотландия дүйнө боюнча аялдарга айыз учурунда колдонулуучу гигиеналык каражаттарды акысыз камсыздап берген алгачкы мамлекет болду.

Мыйзам Единбургда парламент тарабынан бир добуш менен кабыл алынды. Чечим жакырчылык менен күрөшүү максатында иштелип чыккан.

«Эч ким эмкисинде тампонду каяктан табам деп кабатыр болбошу керектигин толугу менен колдойбуз», — дейт депутат Моника Леннон.

Эми мыйзам чыгаруучулар аялдардын гигиеналык каражаттар менен камсыз болушуна кепилдик бере турган жалпы коомдук системаны иштеп чыгышы зарыл. Ага ылайык, каалоочулар маданий-спорттук борборлор, жаштар клубу жана дарыкана сыяктуу коомдук жайлардан акысыз түрдө керектүү каражаттарды (тампон, прокладка) ала алышат.

Буга чейин мындай буюмдар мектеп жана университеттердин ажатканаларына коюлуп келген, эми аларга кошумча каражаттар да кошулмакчы.

Жаңы долбоорго сарптала турган каражат 32 млн долларды түзөрү айтылууда.

Шотландиянын премьер-министри Никола Стерджен бул мыйзам «аялдар жана кыздар үчүн маанилүү саясий кадам болгонун» билдирди.

«Муну колдоп, кол койгонум үчүн, аялдардын укугун, сламаттыгын колдогон мыйзамды дүйнө боюнча алгачкылардан болуп кабыл алганыбыз үчүн кубанып турам», — дейт шотланд жетекчи.

Аялдардын ден соолук көйгөйлөрүн чагылдырып жүргөн «Азаттык» радиосунун журналисти Бактыгүл Чыныбаева Шотландиянын бул аракети эң жакшы көрүнүш дейт. Алгач мындай шартты Германияда көргөнүн, аябай жактырганын жашырган жок.

«Шотландияда аялдардын гигиеналык каражаттарын акысыз кылганы тууралуу кабар чыкты. 2018-жылы Германиядагы кызым окуган колледжге барып, дааратканасына кирсем, гигиеналык каражаттар (тампон, прокладка) бир кутуда үйүлүп туруптур. «Бирөөнүкү го?» — деп ойлосом, кызым: «Бекер, керек болсо алыңыз», — деди. Ичимен «Немистердики сапаттуу болсо керек», — деп, 1-2ни алсам, кызым кутунун жарымынан көбүн көмкөрүп сумкама салып берип: «Коркпоңуз, эч ким көп алдың дебейт, тескерисинче, алсаңыз жакшы», — деп таң калтырган. Чындыгында сапаттуу каражаттар экен, 2-3 айга кенен жетти эле». 

Ошондой эле Бактыгүл Чыныбаева журналисттик кесибиндеги тажрыйбасына таянып, Кыргызстанда 90% аялдар гинекологиялык оорулардан жабыркаганын айтат. Ошондой эле айымдар элементардуу жеке гигиенага жакшы көңүл бурса, келечекте оор оорулар менен жабыркоонун алдын алат деп эсептейт.

«Тазалык — ден соолуктун башаты эмеспи, бизде аялдардын дээрлик 90 %ы гинекологиялык оорулар менен жабыркайт. Суук өтүү же ар түрдүү инфекциялар… Өтө көп аялдар рактан кайтыш болууда, балдар энесиз калууда. Санитария жогорку деңгээлде болсо, мунун баары азаймак… Айрыкча мунун экономикалык да зыяны чоң».

Врач, акушер гинеколог Айчүрөк Саркешова гигиенаны таза сактабагандыктан улам жыныстык оорулар көп келип чыгарын айтат.

Кыргызстанга да мындай көрүнүш келсе жакшы болорун айтканы менен, алгач биздеги аялдардын аң-сезимин өстүрүү зарыл деп эсептейт.

«Кыргызстанда деле азыр шарт жакшы эле. Гигиеналык каражаттар бардык жерде бар, аны сатып алууга мүмкүнчүлүк жетет деп ойлойм. Азыр көпчүлүк аялдар алдын ала алып, даярдап коюшат. Ошол эле учурда аларды туура эмес, бат-баттан алмаштырбастан, узак мөөнөткө колдонуу да көптөгөн гигиеналык, жыныстык ооруларга алып келип жатат.

Шотландияда жакшы мыйзам кабыл алыныптыр. Кыргызстан мындай нерсеге даяр эмес деп ойлойм. Бизде азыр андан башка маанилүү көйгөйлөрүбүз толуп жатат.

Кыргызстанга деле ушундай көрүнүш келсе жакшы болмок. Гигиенаны сактоого жакшы шарт түзүлмөк. Дагы бир жагы биздин коомчулук андайды кабыл алууга даяр эмес. «Аялдардын аң-сезими ага жетеби? Өзүнө керектүүнү эле алып, ысырап кылбай колдонобу?» — деген да маселе жаралат. Анткени менен келечекте бизде да аялзатына кам көргөн мыйзамдар түзүлөт деп үмүттөнөм».

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдарга гигиеналык каражаттарды акысыз берүү маселеси азырынча мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө элек.

Exit mobile version