Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Парламенттеги көпчүлүк коалиция «күн карамага» айланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 447 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги көпчүлүк коалицияны «күн карамага» айланып калганын айтты. Ал Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында көпчүлүк коалициянын иштөө форматын өзгөртүүнү сунуштады.

«Бүт баарын колдоп атабыз, кээ бир фракция лидерлери Конституциянын жаңы долбооруна каршы болуп жатышат, айрым фракция мүчөлөрү колдоп жатышат. Көпчүлүк коалицияда туруп, айрымдары оппозициялык маанайдагы сөздөрдү айтышса, айрымдары тескерисинче. Таптакыр эле түшүнүксүз болуп калды. Мындай бара берсек, бул көпчүлүк коалиция шайтанга кызмат кылууга да даяр экен. Фракция лидерлери, бизге ушундай көпчүлүк коалиция керекпи, бул маселени ойлонуп чыгууну сунуштайм», — деди Бекешев.

Депутат буга чейин ушул эле топ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйруктарын аткарып келгенин, Атамбаев кеткенден кийин анын соттолушуна шарт түзүп бергенин сынга алды.

«Айрымдар Атамбев кеткенден кийин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун позициясын жактап, айткандарын аткарып келди. Эми болсо азыркы убактылуу бийликтин «кол баласына» айланып баратат», — деди Бекешев.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияда КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар.

Copyright © 2017 Maral FM