Биз менен байланышыңыз

Парламент Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 794 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин  талкуулады.

Солтонбекованы бул кызматка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырды.

Талкуу учурунда бир катар суроолорго жооп алынгандан кийин депутаттар анын бул тармакта тажрыйбасы көп экенин эске алышып, бир добуштан колдоп беришти.

Солтонбекованын талапкерлигин буга чейин парламенттин комитети колдогон.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеген. Ал 4-октябрда өткөн шайлоого «Биримдик» партиясы менен ат салышып, жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кызматына кайтып келген. Кийин өз арызынын негизинде кызматтан алынганы кабарланган. Кочкоров өз кайрылуусунда иштен кеткени тууралуу кабарды интернеттен окуганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM