Биз менен байланышыңыз

Иманалиев Жапаровдун билим деңгээлин сындады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 24 Ноя 2020 | 35387 | 4

Бүгүн, 24-ноябрда президенттикке ат салышууга камынып жаткан талапкерлер маалымат жыйын куруп, убактылуу бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жатканын айтып чыгышты. Алардын арасында ыйгарым укуктары токтоп турган өкмөт башчы Садыр Жапаровду сынга алгандар да бар.


Жээнбеков Садыр Жапаровду айкөл болууга чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Жапаров президенттик кызматка даяр эместигин, дипломатиялык тажрыйбасы жоктугун белгилейт.

— Эгер Садыр Жапаров президент болуп кала турган болсо, Кыргызстанды жүз жылдык тарыхындагы эң сабатсыз башчы башкарат. Далилдеп берейин: Раззаков Москвада окуп, 10 жыл ошол жерде иштеп, Өзбекстанда жөнөкөй мамлекеттик кызматкерликтен ишин баштаган. Бөлүм башчы, мамлекеттик пландын төрагасы, премьер-министрдин жардамчысы болуп, андан соң биринчи катчы кызматына келген, — дейт депутат.


Аманбаев: Жапаров Ли Куан Юдай боло алат


Иманалиев андан кийин мамлекетти жетектеген Турдакун Усубалиевдин да Москвадан жогорку билим алып, 10 жыл Кремлде Сталиндин жанында иштегенин, андан кийин келген башкаруучулар Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев жогорку билим алып, мамлекеттик кызматтарды тепкич менен басып өткөнүн белгилейт.

— Керек болсо, акыркы президент Сооронбай Жээнбеков совхоздун директору болуп иштеп, 2 чакырылыштын депутаты, губернатор, айыл чарба министри, премьер-министр болуп, андан соң президент болгон. А биздин азыркы жолдошубуз Дене тарбия академиясынын дипломун заочный окуп алган. Биздин эл прогрессивдүү саясий жетекчиге татыктуу.

Каныбек Иманалиев муну менен бирге жакында президенттик шайлоо өткөргөн мамлекеттерди мисал келтирип, алардын баарында дүйнөдөгү эң алдыңкы университетти бүтүргөн талапкерлер жеңип чыкканын кошумчалады.

Акаев: Мени Жапаровдун штабын жетектейт деген маалымат калп

4 пикир

4 пикир

  1. Күрүчбек

    24.11.2020 17:57

    Туура. Каныбек Иманалиев тайманбай, боттордун, фанаттадын оюн уруп ойнобой, андан коркпой пикирин билдирди. Мынтип ар ким эле сындай албайт!

  2. Мен

    24.11.2020 19:03

    Эл башкаруу билимге карай бербейт. Билимдүү болуп мамлекетти төрөгөндөн миң эсе жакшы!

  3. Карапайым эл

    24.11.2020 19:57

    Урматту Иманалиев мырза жогорку билимди алып, жогорку кызмат оорундарында иштеп журуп келген биздин ажолорубуз мамлекетибизди уйдун жаан сууга эзилген кыгындай болгон сазга батырышты го силерге окшогон Атамбаев ажо айткандай чимкириктер менен чогу, эми эле козунор ачылып калдыбы? Керек болсо мамлекеттик бийликте отургандардын 90% билими жок акчанын кучу менен чиновниктердин туугандары, куда соок, тайке тайлары иштейт да. Бийликте отургандар силер бийликтен башка алысыраак жерди коро албайсынар а карапайым эл баарын коруп билип турат, ким ким экенин, эмне менен ким менен чогу бир жерден дем алып, суу ичеринен бери.

  4. Гуля

    25.11.2020 13:21

    Кайсы билимдуунор кыйраттынар?Усубалиев менен Раззаковду айтпайда тен келбейда койсонор болот,силер алардын алдында эчким эмессинер,кыйын болсонуз создо эмес иште корсотунуз коройлу.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM