Биз менен байланышыңыз

Соцфонддун төрагасы эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 370 | 0

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттун 20-ноябрдагы чечими менен Ирсалиев 2021-жылдын 17-январына чейин камакка алынды.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобу, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушканын аныктады. Бул ишке Медер Ирсалиевдин катыштыгы бар экени кабарланган.

18-ноябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Медер Ирсалиев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM