Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2,4 млрд куб метрге азайды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 285 | 0

23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 млрд куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд куб метрге аз. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Нурбек Козубеков президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушууда айтты.

Нурбек Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат берип, жылытуу сезонуна даярдык толук аткарылганын билдирди.

Талант Мамытов күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө, алыскы аймактарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүү, иштеп жаткан ГЭСтерди реабилитациялоо керектигине көңүл бурду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM