Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 70 миңден ашты

Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган саны 70 миңден ашты. Акыркы бир сутка ичинде 481 учур катталды.

Март айынан бери 70 миң 366 адамга коронавирус жукту.

COVID-19 вирусунан бир суткада төрт адам каза тапты. Жалпы өлүм учурлары 1241ди түзүүдө.

24-ноябрга карата COVID-19 илдетинен 433 адам сакайып, жалпы айыккандар 61 миң 593кө жетти.

Учурда стационарларда 2948 бейтап дарыланууда, анын 147си өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда – 3829 бейтап бар.

Бир сутка ичинде дагы 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен үчөө кызыл зонада жуктурган:

-Бишкек шаарында. – 5 (кызыл зонадан 2);
-Чүй облусунда – 2;
-Ош облусунда – 1;
-Жалал-Абад облусунда – 3;
-Баткен облусунда – 2 (кызыл зонадан 1);
-Ысык-Көл облусунда – 1;
-Нарын облусунда – 1;
-Талас облусунда – 1.

Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3831 учур катталды, алардын ичинен 3552 медкызматкер сакайды.