Марал Радиосу

Кыргызстанда баскетбол боюнча республиканын чемпионаты башталды

Кыргызстанда 2020-2021-жылынын баскетбол боюнча сезондук республикалык чемпионаты башталды. Бул тууралуу аталган федерациясынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, биринчи лигадан 15 жана жогорку лигадан 7 команда күч сынашкан чемпионат N 29 мектеп-гимназиясынын спорт залында өтүүдө.

«Пандемияга байланыштуу оюндардын көптөн бери болбой жаткандыгына карабастан, бардык оюнчулар формаларын жакшы сактап, баскетбол оюнун жогорку чеберчиликте көрсөтүштү», — деп белгилейт федерация.