Биз менен байланышыңыз

Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча арыз канаттандырылды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 662 | 0

23-ноябрда акын Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызы канааттандырылды. Мындай чечим Бишкектин Административдик соту тарабынан чыгарылды.

Ал Текебаевдин мандатынан ажыратуу арызын эми Жогорку сот, Конституциялык палата карай турганын билдирүүдө.

«Жогорку Соттун Конституциялык палатасына барам. Ал катышкан мыйзамдардын баары мыйзамсыз. Анткени көчөдөгү киши парламенттеги добуш берүүлөргө катыша албайт», — деп жазылат Ормуковдун билдирүүсүндө.

Буга чейин акын Темирлан Ормуков Боршайкомдун Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 15-октябрда мандат берилген.

Сот чечими тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM