Биз менен байланышыңыз

Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысын кабыл алды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 482 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 23-ноябрда кабарлады.

Ташиев айыл өкмөт башчысын жарандар менен өткөрүлүп келген жолугушуулардын графигине ылайык кабыл алганы айтылды.

Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына видео кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидиновдун арызын угуп, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы бардык маалыматтарды ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койду.

Ташиев УКМК саясаттан тышкары иш алып барарын айтып, саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин билдирди.

Буга чейин УКМК Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөт башчысынын үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Анын бири Мунарбек Сайпидинов болчу. Кийин ал УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дарегине видео кайрылуу жасаган.

Атайын кызмат бул аракет Ош шаары жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө чаралары экенин билдирген.

Бул окуядан кийин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов өзүнүн туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Тургунбаевдин апасына орой мамиле кылынды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап видеокайрылуу жасаган.

Ошондой эле ал Замир аттуу адам УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин таанышымын деп коркутканын билдирген.

УКМК бул маалыматты четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM