Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 24-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6 … -11, күндүз 0 … -5 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -8 … -13, күндүз 0 … -5;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -7 … -12, күндүз -1… +4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз 0 … 5 градуска чейин жылыйт;
Нарын облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -3 … +2.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9 … -11, күндүз 0…-2 градус болот.