Марал Радиосу

Жунус Маметов Дөөлөт Сыдыковду колдоп, бийик чокуда «Манас» айтты

Социалдык тармактарда Чункурчак жайлоосундагы 3801 метр бийиктикте жайгашкан Зеленкова чокусунда «Манас» айткан кыргыз жаранынын видеосу тарады. Жунус Маметов социалдык тармактагы баракчасына челлендж кылып, бардык жарандарды #МенМанастынУрпагы хештеги менен «Манас» айтууга чакырды.

«Мен «Манас» эпосун унуттурбоо, улутук идеологиябызды жайылтуу максатында Дөөлөт Сыдыковду колдоп, укмуштуудай жаратылышыбыз көрүнүп турган бийик чокуга чыгып «Манастан» үзүндү айттым. Бул челлендждге баарыңыздарды #МенМанастынУрпагы хештеги менен «Манас» айтууңуздарды чакырам», — деп жазган Жунус Маметов.

Эске салсак, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков борбордук «Ала-Тоо» аянтында Гиннестин китебине катталуу жана элди биримдикке чакыруу максатында 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас айтып, рекорд жараткан.